
Футбол боюнча Дүйнө чемпиону 19 жаштагы
Килиан Мбаппе эгерде анын талаптары аткарылбаса, ПСЖ футболдук клубу менен жаңы келишим түзүүдөн баш тартары айтылууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта футболдук клубдун жана Мбаппенин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
"Футболчу 55 миллион евродон ашык суммага 5 жылдык келишим түзүүнү жана аны жеке учак менен камсыз кылуу талабын койгон. Ошондой эле эгерде ал "Алтын топту" алса командадагы эң көп айлык алган оюнчу болгусу келип жаткандыгы маалым болгон", - деп жазылат маалыматта.
Мбаппе бул сезондо ПСЖ үчүн 13 гол киргизген. Ошондой эле Франция улуттук курама командасы менен Дүйнө чемпиону аталып, турнирдин эң мыкты жаш оюнчусу катары сыйлыкка татыган.