Үзүр Жусупбеков, Рустам Тейишов жана 6 кыргыз балбаны грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышат

Румынияда өтүүчү грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнөн бара турган спортчулардын тизмеси белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Күрөш федерациясынан кабарлашты.

Аталган мелдеш Румыниянын Бухарест шаарында 12-14-ноябрь аралыгында өтүп, анда 10 медалдар топтому ойнотулат. Кыргыз өлкөсүнөн бул мелдешке машыктыруучу Арсен Эралиевдин баштоосунда 8 спортчу катышат. Балбандардын арасында бир топ мелдештин жеңүүчүсү Үзүр Жусупбеков жана Рустам Тейишов бар.

Кыргыз курама командасы:

55 килограммга чейинки салмак ченинде: Балбай Дордоков;

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Рустам Тейишов;

63 килограммга чейинки салмак ченинде: Тынар Шаршенбеков;

67 килограммга чейинки салмак ченинде: Нурмолдо Анарбеков;

77 килограммга чейинки салмак ченинде: Ринат Ильяз уулу;

82 килограммга чейинки салмак ченинде: Абдулазиз Ашимбеков;

87 килограммга чейинки салмак ченинде: Калидин Асыкеев;

97 килограммга чейинки салмак ченинде: Үзүр Жусупбеков;

Машыктыруучу: Арсен Эралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан