Эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катыша турган кыргыз балбандары белгилүү болду

Румынияда өтүүчү эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнөн бара турган спортчулардын тизмеси белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Күрөш федерациясынан кабарлашты.

Аталган мелдеш Румыниянын Бухарест шаарында 16-18-ноябрь аралыгында өтүп, анда 10 медалдар топтому ойнотулат. Кыргыз өлкөсүнөн бул мелдешке машыктыруучу Исламбек Тазабековдун баштоосунда 5 спортчу катышат. Спортчулардын арасында эл аралык беделдүү мелдештерде медалдарга ээ болгон Алмаз Сманбеков, Улукбек Жолдошбеков бар.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

57 килограммга чейинки салмак ченинде: Алмаз Сманбеков;

61 килограммга чейинки салмак ченинде: Улукбек Жолдошбеков;

65 килограммга чейинки салмак ченинде: Нургазы Абдыразаков;

70 килограммга чейинки салмак ченинде: Исламбек Орозбеков;

74 килограммга чейинки салмак ченинде: Бекжан Жамбулов;

Машыктыруучу: Исламбек Тазабеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан