Орусияда үй-жайы жок адамды өрттөп жиберген баланын апасына жүз рубль айып салынды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя Орусиянын Пермь аймагында болгон. 10 жаштагы мектеп окуучусу ойноп жатып жер төлөдө уктап жаткан үй-жайсыз адамды өрттөп жиберген. Алган күйүгүнөн улам 38 жаштагы адам каза болуп калган.
"Биз, досум экөөбүз кагазды өрттөп, үй-жайы жок киши уктап жаткан тепкичтин астына ыргытып ойноп жатканбыз. Анын кийими күйүп, жинденгени бизге кызык болчу. Бирок биз ыргыткан кагаз тийгенде анын кийимдери баштан аяк жалындап күйүп кеткендиктен ал өрттү өчүрүүгө жетишпей калды", - деп айткан бала өз көрсөтмөсүндө.
Бала 14 жашка толо электигине байланыштуу сот анын апасына жашы жете элек балдарды тарбиялоодо тиешелүү милдеттерин аткарбаганы үчүн административдик жазага тартууну чечкен. Баланын мурда бейбаштык иштерге аралашпаганы эске алынып, анын апасына 100 рубль өлчөмүндөгү айып пул салынган.