Чет өлкөдө жүрүп каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн өкмөт тарабынан 50 миң сом берилип баштаган. Орусиядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов сөөктү алып кетүүгө ал акча жетпей жатканын SUPER.KG'ге 8-ноябрда кабарлады. Анын айтымында, сөөктү алып кетүү үчүн көрсөтүлгөн кызматтар кымбат болууда. Анан да Миграция кызматы кайдыгер мамиле кылып жатканын белгиледи.
"Мекендештерибиз каза болгондо аны мекенге жөнөтүү үчүн Миграция кызматынын өкүлдөрү кабар алышпайт. Ошондой эле бөлүнгөн акча эч нерсеге жетпейт. "Эмнеге?" дегендерге мен бул жактагы кызматтардын бааларын айтып берейин: биринчиси, маркумду табытка салып, сөөк жыттанып кетпеш үчүн атайын дарыларды колдонуу кызматы 37 миңден 70 миң рублга чейин. Өлүктү сактоого 15 миңден 42 миң рублга чейин болсо, билеттин баасы 10 миңден 40 миң рублга чейин болуп жатат. Эми карап көргүлө, өкмөттүн берген 50 миң сому жетиши мүмкүнбү? Ошондуктан бул жакта иштеп жүргөн мекендештер акча чогултуп берүүгө аргасыз болуп жатышат", - деди Кошматов.
Кошматов айтып жаткан учак акысы октябрь айынан тартып авиакомпаниялар тарабынан алынбай турганын буга чейин Тышкы иштер министрлиги кабарлаган болчу.