Тажикстанда түрмөдө чыккан жаңжалды басууда күч органдары 25 адамды өлтүрдү

Тажикстандын Хожент шаарындагы күчөтүлгөн тартиптеги абакта ызы-чуу чыгып, күч органдары аны басууда 25 соттолуучуну өлтүрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, мындан тышкары укук коргоо органдарынын да 2 кызматкери көз жумган.

Айрым маалыматтар боюнча, жаңжал түрмөдөгү "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөсү болуп камалган адам күзөтчүгө кол салгандан улам болгон. Өз кезинде күзөтчүлөр тартип сакчыларын чакырган. Бийлик аталган шаардагы түрмөдө жаңжал чыкканын ырастаганы менен, адам өлүмдөрү боюнча расмий комментарий берүүдөн карманып тургандыгы жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
XOWO
2018-11-09 08:08:27
Туура кылышкан сабак болот да эми тирүү калгандын баарына
+4
Ka2sr1
2018-11-09 09:07:52
Ислам мамлекетин курабыз деген максатта элди динге азгырган сакалчандарды сураксыз атууга жонотуш керек.
+4
Baatirbek81
2018-11-09 19:18:28
Биздин өлкөгө элүү жашка чейинки сакал койгондорго текшерүү керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан