Өзбекстанда өтүүчү дзюдо боюнча эл аралык мелдеште кыргыз балбандардын атаандаштары белгилүү болду.
Аталган мелдеш бүгүн, 9-ноябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында башталат. Мелдешке 48 өлкөдөн 383 дзюдочу, ал эми Кыргыз өлкөсүнөн 11 спортчу катышат.
Бүгүн эркектер арасында 2 салмак ченинде медалдар ойнотулуп, 4 кыргыз дзюдочу күч сынашат.
Кыргыз балбандардын атаандаштары:
60 килограммга чейинки салмак ченинде:
Отар Бестаев - Рахмон Жумаев (Өзбекстан) менен Йолан Флоримонттин (Франция) ортосундагы беттештин жеңүүчүсү;
Баяман Сагынбай уулу - Достон Рузиев (Өзбекстан);
66 килограммга чейинки салмак ченинде:
Артур Те - Сардо Нуриллаев (Өзбекстан);
Алмаз Алтынбек уулу - Жуа Крисостомо (Португалия).