10-июль күнү саат 18:00 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кызыл-Коргон айылында катуу жамгыр жаап, сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Нөшөрлөп жааган жамгырдан кийинки селден ички чарбалык арыктар, унаа жолдору бузулду. Учурда жол каттамы ачык болгону менен, унаалар аталган айылдан ары-бери кыйынчылык менен өтүүдө.