Бишкекте белгисиз адам тарабынан сабалган абышканын сан сөөгү сынган. Наркозду көтөрө алса ага операция жасалат

Бишкектеги Жибек Жолу жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде баратып ур-токмокко кабылган 90 жаштагы абышканын сан сөөгү сынып кеткен. Тиешелүү анализдерден кийин, эгер анын жүрөгү наркозду көтөрө алса, ага операция жасалат. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда SUPER.KG'ге Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков кабарлады. Анын айтымында, бейтаптын абалы учурда канааттандырарлык.

1929-жылы туулган Г. Николай ооруканага 7-ноябрь күнү саат 16:25 чамасында "Тез жардам" аркылуу алып келинген.

"Учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Катуу кулагандан оң бутунун сан сөөгү сынып кеткен. Учурда тиешелүү анализдерди тапшырып жатат. 4 күндүн ичинде анын жүрөгү текшерилет. Эгер анализдери жакшы чыгып, жүрөгү наркозду көтөрө турганын аныктасак бутуна операция жасайбыз. Жүрөгү көтөрө албаса анда, башка жолдорун издөөгө туура келет", - деди Кубатбеков.

Бишкекте 90 жаштагы абышканы сабап, окуя болгон жерден из жашырып кеткенге шектелген адам кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
madina.87
2018-11-09 13:45:23
Колуң сынгыр десе,ушул абышканын эмне күнөөсү бар, ошончо сабагыдай. Аллах жазасын берет буйруса,качып кайда барат!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан