АКШда белгисиз адам барга кирип 12 адамды аткылап өлтүрдү. 12 адам жаракат алды

АКШнын Калифорния штатындагы Таузенд-Окс шаарында белгисиз жаран барга кирип 12 студентке ок чыгарып, акырында өзүн-өзү атып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя кечээ, 8-ноябрда Таузенд-Окс шаарындагы барлардын биринде орун алган. Анда белгисиз адам барда эс алып отурган студенттердин үстүнө кирип барып ок чыгарган. Натыйжада 11 студент октон каза болуп, 1 полиция кызматкери да көз жумган. Кийин ок чыгарган белгисиз жарандын да жансыз денеси табылган. Эс алып отургандар октон сактануу үчүн бардын айнектерин талкалап качып чыгышкан.
Учурда ок чыгарган адамдын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле ок тийген 12 адам ооруканага жеткирилгени маалым болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bahabrat79
2018-11-09 15:38:41
Бул терроризм эмес. Жөн эле адамдарды өлтүрүү
0
Bilal2014
2018-11-09 22:32:55
2-чи Брейвик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан