"M-1 Global" уюмунун алкагында өтүүчү беттеште кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулунун атаандашы белгилүү болду

17-ноябрда кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу "М-1 Global" уюмунда кезектеги беттешин өткөрөт. Беттеш "M-1 Challenge 99" мелдешинин алкагында орун алат.

Мелдеш Орусиянын Ингушетия өлкөсүндө өтүп, анда 10 мушкердин өз ара беттеши болот. Бусурманкул Абдибаит уулу 65 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, анын атаандашы орусиялык "Fighting Eagle" клубунун өкүлү Залимбег Омаров болот.

25 жаштагы Бусурманкул Абдибаит уулу карьерасында 13 беттеш өткөрүп, 10 жолу жеңишке жетип, 2 жолу жеңилүү ызасын тарткан жана 1 жолу атаандашы менен тең чыккан.

Ал эми, анын атаандашы Залимбег Омаров 30 жашта. Ал дагы 13 беттеш өткөрүп, беттештерин 10 жеңиш, 2 жеңилүү жана 1 тең чыгуу менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Benazir08
2018-11-09 15:41:33
Тен экен да экоо тен ийгилик алга Бусурманкул
+1
mirlanpiter
2018-11-09 15:46:41
Биз сени м-н ..алга левый правый ударлар м-н уктатып сал,,,бир заметка уткандан кийин ашыкча эмоцияга алдырба
+1
Take_men
2018-11-10 10:47:02
mirlanpiter, сага кошулам. Жеңишти токтоолук менен кабыл алган жакшы нерсе
0
nukura_jigit
2018-11-09 22:11:24
Аллах колдосун !
0
monster_high_98
2018-11-09 23:09:51
Мына биздин чыныгы "бир тууган"! Колдоп коштоп туруубузга татыктуу инсан! Ийгилик!
+1
kenje-888
2018-11-10 09:33:37
Ийгилик коштосун!
+1
Take_men
2018-11-10 10:48:13
Алга Бусурманкул. Сенден жеңиш күтөбүз.
0
rysik79
2018-11-11 00:16:02
Буся женет. Бир жери женгенден кийин микрофонго кыргызча эле урдур орусча кыйкырбай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан