Кытай: Сактоо мөөнөтү 46 жыл мурун бүткөн 22 тонна тоок эти колго түштү

Кытай полициясы Гуанси-Чжуан автономиялык районунда вьетнамдык контрабандачылардан сактоо мөөнөтү мындан 46 жыл мурун аяктаган 22 тонна тоок этин колго түшүрдү. Өлкөнүн ММКлары жарыялагандай, кармалган товар тооктун моюндары менен буттары болгон жана аларды сактоо мөөнөтү 1967-жылы эле бүткөндүгү аныкталды. Полициянын билдиришинче, бул тоок эттери көп жолу химиялык кошулмалар аркылуу иштелип, бактериялардан арылып жана товардык көрүнүшүн сактап турган. Бул контрабандачыларды кармоо операциясы 2013-жылдын май айында эле башталып, июлда гана жыйынтык берди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
ХАНЗАДА
2013-07-11 09:49:24
ужас, ошон учун жебеш керек да
0
Zverchik
2013-07-11 10:15:20
Кудай сактасын
0
uty
2013-07-11 10:17:12
опа эми тоок жебеш керекпи дейм
0
zarlyk2211
2013-07-11 10:20:34
охо 46жыл мурда буткон болсо аны жеген адамдар не болду экен?
0
tabyshmak
2013-07-11 10:41:15
Алар мындан коп мооноту отуп кеткен товарлардан пайда корсо керек...
0
Asul
2013-07-11 11:29:38
Дегеле кытайдан ташылып келген тамак ашты албай эле койгонубуз он. Жаныбыздагы кытай аз келгенсип америкадан да тооктун окорочкалары келет экен го. Дегеле башка олкодон бизге келген азыктарды абайлап албаса кыргыздын гени бузулаарына шек жок. Биздин бизнесмен соройлорубуз пайда табыш учун кишинин деле окорочкаларын алып келишет жада калса.
0
KG_URPAGI
2013-07-11 11:34:44
Эли-журт эч качан четтен келген тамак-аш, конфет печеньяларды жебегиле. Анткени Россияда ж.б. кээ бир мамлекеттерде срогу аягына чыккан таварды бизге жонотуп жугорот экен. Ошол жерде иштеген адамдардан уктук. Абайла кыргызым абайла! баарын эле озунордой коро бербегиле, биз негизи озубуздукулордон шектенип, башка улуттар айтса кээ бирлер бат ишенишет! абайла!
0
Kyzyl-Unkur
2013-07-11 12:28:05
Булар куралсыз Дуйно жузун кырып салабыз дегенин уккансынарбы? Так что этият бол КЫРГЫЗЫМ!!!
0
Aijan1968
2013-07-11 12:41:09
46 кун дагы эмес 46 жыл,ошондо менден да улуу окорочкалар экен го,шумдугун куууур!
Улуу болсо мейли уулуу экенинде шек жок,абайлабасак болбойт!!
+1
jasan
2013-07-11 16:42:01
Окорочка, цыплята табака дегендерди жебегиле. Баары кытайдыкы...
0
mayoral
2013-07-11 22:31:15
Окорочкага точка койдум!!! Все вообще жебейм... Айылга барып,атамын бааккан тоокторунан сойуп жебесем...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан