Бүгүн, 9-ноябрда беделдүү эл аралык мелдештерде Кыргыз туусун желбиреткен, кыз-келиндер арасындагы спорт чебери Мээрим Жуманазарова 19 жашка толду. Мээрим Жуманазарова 1999-жылы Талас облусундагы Оро айылында машыктыруучунун үй-бүлөсүндө туулган.
Атасы Рахмадил Жуманазаров эркин күрөш боюнча машыктыруучу болсо, апасы Айнура Чолпонкулова фельдшер-лаборант болуп эмгектенет.
Мээрим Жуманазарова 2014-жылы Оро айылындагы орто мектепти бүтүрүп, 2016-жылы Кыргыз эл аралык университетинин колледжин аяктаган. 2017-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшырып, учурда 2-курстун студенти.
2011-жылдан баштап Мээрим Жуманазарова машыктыруучу Нурбек Изабековдун алдында машыгып, мелдештерде катышып келет.
2014-жылы Мээрим Жуманазарова Таиландда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугуна катышып, алгачкы медалына ээ болот. Жуманазарова 56 килограммга чейинки салмак ченинде коло медалды тагынат.
2015-жылы Жуманазарова 2-ирет өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугуна катышып кайрадан коло медалга ээ болот. Мелдеш Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп, Мээрим Жуманазарова 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Муну менен ал Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алып, анда 10-орунга гана ээ болуп калган.
2016-жылы балбан өспүрүмдөр арасындагы Азия биринчилигинде 5-орунга ээ болуп калып, бирок Дүйнө чемпиондугунан коло медалды тагынып келген.
2017-жылы Мээрим Жуманазарова чоңдор жана жаштар арасында күрөшүп баштайт. Жыл башында Жуманазарова улуулар арасындагы мелдештерде айырмалана албай калса, жаштар арасындагы мелдештерде ийгиликтерге жетет. Анда ал алгач Азия чемпиону аталып, бир ай өткөн соң жаштар арасындагы Дүйнө биринчилигинде коло медалды тагынат. Сентябрь айында Мээрим Жуманазарова Жабык имараттагы Азия оюндарына катышат. Балбан алгачкы беттешинде эле жеңилип калганы менен, ал көңүл жубатуучу беттештерде атаандаштарын жеңип, коло медаль үчүн беттеште жеңишке жеткен.
2018-жыл дагы Мээрим Жуманазарова үчүн медалдарга бай болду. Жуманазарова Бишкекте өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпиондугунда коло медалды тагынып, жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медалды багындырды. Мындай натыйжаларды көрсөткөн Мээрим Жуманазарова август айында Кыргыз курамы менен Индонезияда өткөн Азия оюндарына барып, коло медалды тагынып келген.