Жалал-Абадда журналистке бычак сайган окуя боюнча жабырлануучу укук коргоо кызматына арыз менен кайрылган жок. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Санрабия Сатыбалдиева аттуу жаранга белгисиз жаран бычак сайган окуя боюнча жабырлануучу өзү арыз жазган жок. Ошондой эле ал телеканалда эмес, интернет булактарынын биринде жеке канал ачып, журналисттик ишмердүүлүгүн улантып жүргөн. Ошондой эле Сатыбалдиева медициналык экспертизадан өтүү сунушунан баш тартып койду. Учурда окуя өндүрүшкө катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат", - дейт басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, 9-ноябрда саат 10:30дар чамасында Санрабия Сатыбалдиеваны үйүнүн жанынан белгисиз адамдар бычактап кеткендиги маалымдалган.