10-июлда саат 14:00дө Чүй облусунун Кемин районундагы Чым-Коргон айылында БСР-1 каналына бир окуучу чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады. Министрликтин Токмок шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жергиликтүү тургундар менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүп, 2002-жылы туулган Адилет Урмат уулунун сөөгүн таап чыгышты. Кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенүүдө.