Мамлекеттик каттоо кызматы атайын текшерүү жүргүзүп, Аламүдүн райондук паспорт берүү бөлүмүнүн башкы адисинен жасалма мөөр табышты. Ал кызматкер жакында казак жараны М.Аблязовго башка ат менен паспорт берүү кылмышы боюнча айыпталып иштен алынган болчу. Ага чейин кызматкер аталган мөөрдү мыйзамсыз паспорт жасоолорго пайдаланып жүргөн. Мамлекеттик каттоо кызматынын билдиришинче, текшерүү учурунда жасалма паспорт алуу боюнча 9 буйрутма бар экендиги белгилүү болду. Жасалма мөөр мурда жиберилген материалдарга кошуп тиркөө үчүн УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди жана факты боюнча иликтөө жүрүп баштады.