ЭЛДИК КАБАР: "Жалал-Абад шаарында тротуардын алдына топурак төшөп эле куруп жатышат" дейт окурман

Жалал-Абад шаарындагы Көк-Арт кичи районуна салынып жаткан тротуардын сапаты начар курулууда дейт окурман. Ал мындай маалыматты "ЭЛДИК КАБАРга" билдирди.

"Курулушту кайсы компания жүргүзүп жатат, азырынча кабарым жок. Бирок ким куруп жатса дагы элди ойлоп коюшса жакшы болмок. Тротуарды салуу үчүн шаардык бюджеттен каражат бөлүнгөн. Курулушчулар бордюрду жер казып куюунун ордуна алдына топурак, таш төшөп эле кетип жатышат. Бул жыл айланбай эле талкаланып кала тургандай көрүнөт. Салык төлөөчүлөрдүн укугу качан корголот? Бул деген ысырапкерчилик", - дейт окурман.

Кабарга алынган жоопту бул шилтемени басып өтүп окусаңыз болот.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
plaza85
2018-11-11 17:50:28
Козомолдогон органдарга барибир окшойт, оздорунун чонтогунон акча кетпегенден кийин кичине болсода мамлекет учун жанын берип иш кылышса жакшы болмок. Эх Кыргызстаным качан сага куйгон адамдар иштер экен.
+8
amin1986
2018-11-11 19:33:01
Мерия каякты карап олтурат?
+6
Nuraruu5
2018-11-12 05:15:49
Апей ким жөнөттү экен бул кабарды бизде бир тв бар эле жол курулушу боюнча ошол билбей калган окшойт
0
Altyn10076
2018-11-12 07:59:19
Азамат азамат башка соз жок!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан