Неймар журналисттерге жасаган сылык мамилеси үчүн 375 миң евро ала турганын билчү белеңиз?

26 жаштагы бразилиялык футболчу, ПСЖ футболдук клубунун чабуулчусу Неймар белгилүү бир иш-аракеттери үчүн 375 миң евро каражатын алат. Бул тууралуу франциялык France 2 басылмасы жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, футболчу аталган сумманы журналисттерге сылык мамиле жасагандыгы, ар бир оюндан кийин күйөрмандарына кол чапкандыгы жана айтылган жерге кечикпей баргандыгы үчүн алат.

Дал ушундай эле аракети үчүн футболчу Тьяго Силва 33 миң евро алат.

Неймардын ПСЖга болгон трансфери дүйнөлүк футбол тарыхындагы эң кымбат аталган. Анын суммасы 222 миллион еврого жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
MEDER_KULETOV
2018-11-12 09:14:07
Булардын баскан турганынын баары эле Акча экенда мм
0
Aikaaaa
2018-11-12 09:16:53
MEDER_KULETOV, кыйын футболист болсоң сен да ошентмексиң, анан биз да сен үчүн сыймыктанып отурмакпыз
0
Altyn2017
2018-11-12 09:57:20
Адам акчага эмес акча адамга муктаж болуп жашап аткан экенда,Неймар э
+2
cholpon119966
2018-11-12 10:30:36
Жылдыз деп ушуларды айт...
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан