Футбол. Дем алыш күндөрдөгү кызыктуу беттештердин жыйынтыктары

Өткөн дем алыш күндөрү беделдүү делген Европанын чемпиондуктарында бир нече кызыктуу беттеш орун алды. Англия чемпиондугунда "Манчестер Сити" жана "Манчестер Юнайтед" клубдары кез келсе, Италия чемпиондугунда Милан" жана "Ювентус" клубдарынын беттеши өттү. Ал эми испан чемпиондугунун лидери "Барселона" өз талаасында анча күчтүү эмес "Бетис" клубунан жеңилип калды. Ушул жана башка оюндардын жыйынтыгы менен кененирээк таанышып алалы.

"Манчестер Сити"-"Манчестер Юнайтед"

АПЛдеги борбордук оюн манчестердик клубдардын өз ара беттеши болду. Шаардын кожоюну ким экенин аныкташ үчүн эки команда тең болгон күчүн жумшай турганы анык болчу. Бул оюн бир топ жылдан бери атаандашып келе жаткан Хосеп Гвардиола менен Жозе Моуриньонун беттеши катары да күйөрмандардын бүйүрүн кызытты. Оюндун 12-мүнөтүндө үй ээлеринин жарым коргоочусу Давид Сильва эсеп санын ачып өз командасын алдыга сүрөп чыкты. "Юнайтед" командасынын жооп берүүгө кылган аракетинен майнап чыкпай, 48-мүнөттө чабуулчу Серхио Агуэро эсепти 2:0гө айланта алды. Туптуура 10 мүнөттөн кийин чабуулчу Антони Марсяль 11 метрлик айып соккудан гол жаратып, эсепти кыскартканы менен 86-мүнөттөгү Илькай Гүндогандын голу "Юнайтеддин" үмүтүнүн таш талканын чыгарды.

"Манчестер Сити"-"Манчестер Юнайтед" - 3:1.

Голдор: 12, Давид Сильва, 48, Серхио Агуэро, 86, Илькай Гүндоган. - 58, Антони Марсяль.

"Милан"-"Ювентус"

Италия чемпиондугундагы кызыктуу беттеш "Милан" менен "Ювентустун" беттеши болду. Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө эле Марио Манжукичтин башы менен сүзгөн соккусу ийгилик алып келип, "Ювентусту" алдыга сүйрөп чыкты. Буга карабай коноктордун чабуулу уланып жатты. Бирок 40-мүнөттө "Миландын" азыркы "Ювентустун" мурдагы чабуулчусу Гонсало Игуаин 11 метрлик айып сокку узатуу укугуна ээ болуп, таамай аткара албай калды. Игуаиндин соккусун дарбазачы тосуп калды. Калган оюн ушул эле деңгээлде уланып, коноктор үстөмдүгүн көрсөтүп жатты. 81-мүнөттө "Ювентустун" башкы жылдызы Криштиану Роналду гол жаратып эсепти 2:0гө жеткирди. 83-мүнөттө беттештин калысына жасаган орой мамилеси үчүн Игуаин кызыл кагаз алып, оюнду таштап кетти. Муну менен беттештин кызыгы кетип, ким жеңүүчү болору белгилүү болуп калды.

"Милан"-"Ювентус" 0:2

Голдор: 8, Марио Манжукич, 81, Криштиану Роналду

"Барселона"-"Бетис"

Испания чемпиондугу күтүүсүз жыйынтыктар менен коштолду. Ла лиганын лидери "Барселона" клубу өз талаасында "Бетис" клубунан жеңилүү ызасын тартып калды. Коноктордун оюнчулары биринчи бөлүктүн 20 жана 34-мүнөттөрүндө гол жаратышса, үй ээлери жооп берүүгө ашыгышкан жок. Оюндун кызыгы 68-мүнөттө Мессинин аткарган 11 метрлик айып соккусунан башталды. Таамай аткарылган айып сокку эсеп санын кыскартканы менен 3 мүнөттөн кийин "Бетистин" оюнчусу Жовани ло Чельсо эсепти 3:1ге айлантты. "Барселонага" ушул жылы келген чабуулчу Артуро Видаль гол жаратса, кайра эле 83-мүнөттө коноктордун оюнчусу Кансалес жооп бере алды. Оюнду өз колуна алууга аракет кылган Лионель Месси 90-мүнөттө гол жаратканы менен, баары кеч болуп калган эле. Оюн дал ушул 3:4 эсебинде соңуна чыкты.

"Барселона"-"Бетис" 3:4

Голдор: Лионель Месси 68,90, Артуро Видаль 79. - 20, Хуниор Фирпо, 34, Хоакин Санчес 71, Жовани ло Чельсо 83, Серхио Каналес

"Монако"-"ПСЖ"

Бул сезондо "Монако" клубунун иштери жүрүшпөй жатканы менен ПСЖга каршы оюн кызыктуу болбойт дегенди билдирбейт эле. Анткени оюндун анык фаворити ПСЖ болсо да, Франция чемпиондугунун эки беделдүү клубдарынын оюндарын көптөгөн футбол күйөрмандары күтөрү анык. Алдын ала болжолдонгондой эле коноктор ири эсепте жеңишке жетишти. 4, 11, 53-мүнөттөрдө Эдинсон Кавани айырмаланып, хет-трик жаратса, 64-мүнөттө Килиан Мбаппе иштеп тапкан 11 метрлик айып соккуну Неймар таамай аткарды. Талаа ээлери бир да гол менен жооп кайтара албай өз күйөрмандарынын алдында ири эсепте жеңилүү ызасын тартып калды.

"Монако"-"ПСЖ" 0:4

Голдор:

4, 11, 53 Эдинсон Кавани, 64, Неймар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Daniel01
2018-11-12 13:31:57
Барса ит эле болуптурго
+3
ArgenMers
2018-11-12 13:52:02
Реалды деле жазбайсыңарбы)
+3
Tyty1990
2018-11-12 15:12:52
ArgenMers, автор өзү барсачы да
+2
ArgenMers
2018-11-13 00:04:31
Tyty1990,билгем
0
Kanybek121195
2018-11-12 16:30:51
Ушинтип футбол жөнүндө да жазып тургулачы. Автор барсага күйөрмандык кылсаң да Реалды жазып койо берчи сураныч сенден
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан