
Орусиялык футболчу, мурдагы Орусия улуттук курама командасынын капитаны
Андрей Аршавин карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу маалымат казакстандык "Кайрат" футболдук клубунун расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып "футболдук карьерамды толугу менен жыйынтыктадым" деп жооп берген.
Футболдук карьерасын 1999-жылы баштаган Аршавин 2008-жылдагы Европа чемпиондугунда жакшы оюн көрсөтө алып, Европанын көптөгөн клубдарынын кызыгуусун арттырган. Ага германиялык, франциялык, англиялык клубдардан сунуштар келип түшкөн. Аягында ал лондондук "Арсеналдын" чакыруусун туура көрүп, 21 миллион еврого сатылган. Ал эми 2013-жылы "Арсеналдан" кетип, "Зенитке" кайтып келген. 2015-жылы "Кубань" клубуна өтүп, бир жыл ойноп, андан соң казакстандык "Кайрат" клубу менен келишим түзгөн. Аталган клубда акыркы оюнун 11-ноябрда өткөрдү.