Бүгүн, 12-ноябрда "Коопсуз шаар" боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалым болгондой, долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабы боюнча келишимге комитет төрагасы Бакыт Шаршембиев менен "Концерн радиостроения "Вега" компаниясынын директорунун орун басары Сергей Калмыков кол койду.
Келишимге ылайык, компания 90 жумушчу күндүн ичинде биринчи аппараттардын программалык жабдууларын мантаждоого милдеттүү.
Ушул жылдын 4-сентябрында "Коопсуз шаар" боюнча өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгында аталган компания жеңүүчү катары сунушталган.
Ал эми ушул эле аукциондун экинчи катышуучусу болгон “Маалыматтык системдер коопсуздугу” ишканасы нааразы болуп, көз карандысыз комиссияга кайрылган. Комиссия бул билдирүүнү карап чыгып, сынактык комиссиянын чечимин биротоло жокко чыгарган. Бирок Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети бул боюнча Бишкектеги райондор аралык сотко арыз берген. Сот 2-ноябрда комитеттин арызын карап, канааттандырган.