Дзюдочу Юрий Краковецкий Өзбекстанда өткөн Гран-При мелдеште коло медалды утуп алды

Кыргыз дзюдочу Юрий Краковецкий Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Гран-При мелдешинде коло медалды тагынды.

Краковецкий 100 килограммдан жогорку салмак ченинде күрөшүп, алгач Өзбекстандын спортчусу Хуснидин Хусановду жеңип алды. Андан соң казакстандык спортчу Эрасыл Кажыбаев менен кез келип, андан жеңилүү ызасын тартты. Мындан улам Юрий Краковецкий көңүл жубатуучу раундда күч сынашып, анда алгач Беларустун спортчусун жеңип, коло медаль үчүн беттеште орусиялык Ренат Саидов менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Юрий Краковецкий атаандашы күтпөгөн ыкманы колдонуп, таза жеңиш менен утуп алды.

Муну менен Юрий Краковецкий Гран-При мелдешинин коло медалынын ээси болду.

Буга чейин коло медалды кыргыз спортчу Владимир Золоев утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан