Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 6-июнунда кабыл алган. Ал жаш кыз-балдардын жана жашы жете электердин жыныстык кол тийгистигин кылмыш-жазасын күчөтүү жолу менен коргоо максатын көздөйт. Аталган максатты жүзөгө ашыруу үчүн Кылмыш-жаза кодексине төмөнкүдөй түзөтүүлөр киргизилген:
- 63-берененин 7-бөлүгү, ага ылайык, жаш кыз-балдардын жана жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган адамдарга карата шарттуу соттоо колдонулбай турган ченем менен толукталган.
- 129-берене (зордуктоо) жаш кызга карата жасалганда 15-20 жылга чейин, ал эми ошол эле жосун жашы жете элек кызга карата жасалганда 20 жылга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазалоону белгилөө менен жаңы редакцияда берилет.
- Ушуга окшогон түзөтүүлөр 130-беренеге (сексуалдык мүнөздөгү күч колдонуу аракеттери) да киргизилген.
- 131-беренеде (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) жазалоонун альтернативдүү түрү – айып алынып салынат, ошол эле учурда бул берене 2-3-бөлүктөр менен толукталган. Аларга ылайык, жашы жете электерди сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо 2 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө (жаш кыз-балдарга карата жасалганда 5 жылдан 8 жылга чейин) эркиндигинен ажыратууга 3 жылга чейин педагогикалык же башка иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жазаланат.
- 133-берене (ыплас аракеттер) жаңы редакцияда баяндалат, ага ылайык, 18 жашка чыга элек адамга карата зомбулук көрсөтпөстөн, ыплас аракеттер жасалганда - 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат. Ошол эле учурда ушундай эле жосундар жаш кыз-балдарга карата жасалганда - 3 жылга чейин педагогикалык же башка иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 5 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.
- 260-берене (сойкулук жасоого тартуу) жана 261-беренеге (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) ылайык, бул жосундар жашы жете электерди тартуу менен жасалса, 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, ал эми жаш кыз-баланы тартуу менен жасалса, 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.