Ат-Башы районунда жол кырсыгы катталып, 4 адам жаракат алды. Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкандай, кырсык 10-ноябрь күнү Бишкек-Торугарт жолунун Ат-Башы районунун тушунда катталган. Анда 21 жаштагы айдоочу Тойота үлгүсүндөгү унаасын башкара албай калып, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Кырсыктан 20 жаштагы Э.Б. жана 12 жаштагы А.к.М. жаракат алып Ат-Башы районундагы оорукананын хирургия бөлүмүнө, 26 жаштагы Н.М. жана 22 жаштагы А.Т. жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.