Чүй облусуна караштуу Беловодск айылында тепловоз кишини сүзүп кетип, ал каза болду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 10-ноябрда болжол менен саат 16:00дөр чамасында болгон.
"Милицияга Беловодск айылында темир жолдун боюнда азиат түспөлүндөгү 40-45 жаштардагы кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, маркум Беловодск айылынын 54 жаштагы тургуну экенин аныкташкан", - деп билдирди маалымат кызматы.
Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум жолго чуркап чыкканда машинист тепловозду токтотууга үлгүрбөй калып, аны сүзүп кеткен.
Азыркы тапта бардык экспертизалар дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда.