Өлкө аймагында 13-14-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11° градуска чейин суук, күндүз -0…-5° градус сууктун тегерегинде;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° градус суук, күндүзү 0…5° градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -2…-7° градуска чейин суук, күндүзү -3° градус сууктан +2° градуска чейин жылуу;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9° градус, күндүз 0…-5° градус суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15° градус, күндүз -1…-6° градус суук болору күтүлүүдө.
Тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17° градус, күндүз -4…-9° градус суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25° градус, күндүзү -10…-15° градус суук болушу күтүлөт.
"Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта жолдордо алысты көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылын кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып үзүлүү коркунучу туулат", - деп кабарланат маалыматта.