Адвокат Хасанов: "Тоо кен тармагы боюнча компаниялардын бири сотто утулуп, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болууда"

Тоо кен тармагында таш казуу менен алектенген компаниялардын бири сотто утулуп, жетекчилери өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болуп жатканын SUPER.KG'ге адвокат Канат Хасанов кабарлады. Бирок ал компаниянын атын жана жетекчилери тууралуу айтуудан баш тартты. Анын айтымында, компания жетекчилери маалымат берүүгө каршы болууда.

"Тоо кен тармагында таш казуу менен алектенген жергиликтүү компаниялардын бири Геология жана минералдык ресурстар агенттиги менен 4 жыл бою соттошуп келди. 12-ноябрда Бишкек шаардык соту ишти агенттиктин пайдасына чечип берип койду. Бирок компаниянын 4 жыл иштебей калышы менен бюджетке 1 миллион 680 миң доллардай зыян келтирилди. Себеби компания иштеп турганда бюджетке жылына 420 миң доллардан төлөп турмак. Алар ошол 4 жыл мурун таш казуу үчүн расмий түрдө 59 миң доллар төлөп, ишти баштаганы жатканда агенттик аларга берилген жерди тартып алууну көздөп, туура эмес маалыматтарды таратып, сотко берип салган. Кийин дагы бир кен казуу ордун алууну көздөп компаниянын ит-акмагын чыгарышкан. Шаардык сот компания 80 миң доллар төлөшү керектигин айтып, бүгүнкү чечими менен бюджетке 130 миң доллар төлөөгө милдеттендирди. Сот компания жетекчилери "иштөөгө мүмкүнчүлүк берилсе, жылдын аягына чейин эле 80 миң доллар төлөп коймокпуз" дегенине макул болушкан жок. Жалпысынан эки кен казуу жайын иштетмекчи болуп жатып 2 миллион доллардай зыянга учурап калышты. Бүгүн үй-жайларын жана башка мүлктөрүн сатыкка коюшту. Анткени өлкөдөн чыгып кетмекчи болушту", - деди Хасанов.

Шаардык соттун чечими боюнча азырынча маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан