Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция бөлүмү баңги затын жашыруун алып жүргөн деген шек менен жаш жубайларды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, Октябрь РИИБине А. аттуу адам өзүнүн аялы менен биргеликте баңгизат сатып алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 22 жаштагы А.А. аттуу аял киши кармалып, анын жанынан 4 даана ширеңкенин кутусу табылган. Анын күйөөсү 22 жаштагы О.А.нын унаасынан целлофан баштык табылган. Баштыктан ширеңкенин 12 даана кутусу ичинде кара куурай жыттанган, күңүрт-жашыл түстөгү зат менен табылган", - деп жазылат маалыматта.
Анда белгилендей, баңги заты экспертизага жиберилип, анын жыйынтыгында 194 грамм гашиш экени аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылууда.