Жааган кардын кесепетинен бүгүн, 13-ноябрь күнү Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун Тамчы тилкесине кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кар көчкүнүн көлөмү 6000 метр кубга жетет. Андан жабыркагандар жана каза болгондор жок. Көчкү түшкөн аймакта 15тей автоунаа өтө албай туруп калган.
ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ жана Кара-Кулжа районундагы №26-жол тейлөө башкармалыгынан бир жүктөгүч, бир грейдер, бир манипулятор көчкүнү тазалоого чыккан. Азыркы тапта тазалоо иштери жүрүүдө.