Бүгүн, 13-ноябрда Румыниянын Бухарест шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугунун 2-мелдеш күнү орун алат. Анда 5 салмак ченинде алгачкы беттештер, андан кийин 5 салмак ченинде финалдык беттештер өтөт.
Бул күнү Рустам Тейишов, Нурмолдо Анарбеков, Абдулазиз Ашымбеков жана Үзүр Жусупбеков килем үстүнө чыгып алгачкы беттештерин өткөрсө, Балбай Дордоков коло медаль үчүн күрөшөт. Ошондой эле Ринат Ильяз уулу менен Тынар Шаршенбеков көңүл жубатуучу раундда күч сынашып, коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк ала алышат.
Кыргыз балбандардын атаандаштары:
1/16 финал:
60 килограммга чейинки салмак ченинде:
Рустам Тейишов — Августин Боянов (Болгария)
67 килограммга чейинки салмак ченинде:
Нурмолдо Анарбеков - Цинь Хуанг (Кытай)
82 килограммга чейинки салмак ченинде:
Абдулазиз Ашымбеков - Вааг Маргарян (Орусия)
97 килограммга чейинки салмак ченинде:
Үзүр Жусупбеков - Николас Кахелашвили (Италия)
Көңүл жубатуучу раунд:
63 килограммга чейинки салмак ченинде:
Тынар Шаршенбеков - Турабек Тиркашев (Өзбекстан);
77 килограммга чейинки салмак ченинде:
Ринат Ильяз уулу - Бакури Гоголи (Грузия) менен Исмаил Саидхасанов (Орусия) ортосундагы беттештин жеңүүчүсү;
Коло медаль үчүн беттеш:
55 килограммга чейинки салмак ченинде:
Балбай Дордоков - Норяр Хакоян (Армения) менен Недеялко Петров (Болгария) ортосундагы беттештин жеңүүчүсү;