Кыргыз мушкерлери Абдулгажи Газиев жана Алтынбек Мамашев WEF'тин чемпиондук курун жеңип алышты

Бишкек шаарында Дүйнөлүк кулатуу федерациясынын "WEF Global 14 Real Fight & Arzalet" аталышындагы эрежесиз уруш боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги мелдеши өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган федерациядан билдирди.

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн мелдеште кыргыз мушкерлери япониялык Real Fight жана Arzalet уюмдарынын мушкерлери менен күч сынашты. Мелдешке Орто Азия, Орусия, Бразилия, Түштүк Корея жана Япониянын мушкерлери келди.

Турнирдин жүрүшүндө Абдулгажи Газиев жана Алтынбек Мамашев WEF'тин чемпиондук курун жеңип алышты. Абдулгажи Газиев 5 раунддук беттеште Санжар Ажибаев менен кез келип, жыйынтыгында калыстардын бирдей чечими менен чемпиондукка ээ болсо, Алтынбек Мамашев монголиялык Баткунх Бурензориг менен кез келип, 1-раундда техникалык нокаут менен жеңишке жетти.

Мелдештин алкагында WEF'тин жыл сайын ойнотулуучу чемпиондук курунун ээси табылды. Анын ээси япониялык Ю Фужимаки болду. Ал кыргыз мушкери Байзак Ракыев менен беттешти. 4-раундда Фужимаки Ракыевге карата кол кайруу ыкмасын колдонуп, кыргыз мушкери жеңилүүгө аргасыз болду. Бул чемпиондук курдун 2016-жылдагы ээси орусиялык Багаудин Аббасов болсо, 2017-жылы курду орусиялык Константин Андрейцев жеңип алган.

Ошондой эле 2 мушкер чемпиондук курун сактап калганга үлгүрүштү. Бактыбек Дүйшөбай уулу япониялык Рой Ямагучирио менен беттешип, 3-раундда муунтуу ыкмасы менен жеңишке жетсе, өзбекстандык Нурсултан Рузибоев бразилиялык Маркос Соуза менен кездешип, 3-раундда техникалык нокаут менен утуп, чемпиондук курун сактап калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ekaterinburg
2018-11-14 07:24:46
Рой дегени якудза го озунчоле..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан