Бүгүн, 13-ноябрда Румыниянын Бухарест шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугунун 2-мелдеш күнү орун алууда. Азыркы тапта көңүл жубатуучу беттештер өтүп жатат.
63 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Тынар Шаршенбеков көңүл жубатуучу беттеште өзбекстандык Турабек Тиркашев менен кез келди. Беттештин 1-бөлүгүндө өзбек балбаны 5 упай алганга жетишсе, 2-бөлүктө Шаршенбеков 4 упай гана алып калды. Муну менен беттеш 4:5 эсебинде өзбекстандык балбандын жеңиши менен аяктады. Эми Турабек Тиркашев коло медаль үчүн күрөшсө, Тынар Шаршенбеков медаль үчүн күрөштү токтотту.
Айта кетсек, бүгүн 55 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Балбай Дордоков коло медаль үчүн беттешет.