10-июлда саат 15:00 чамасында Ош-Өзгөн унаа жолунда автокырсык болуп, милиция кызматкерлери бир адамдын өмүрүн сактап калышты. Ош шаарына жумуш боюнча бараткан милиция кызматкерлери каналга кулаган автоунаанын айдоочусун өлүмдөн куткарышты. "Ош шаарына чогулушка баратканбыз. Алдыдагы унаа бир заматта жол жээгиндеги каналга түшүп кетти. Рулда 1979-жылы туулган Умарова Махбурат аттуу айым экен",- дейт милиция кызматкери Аскат Калилбай уулу. Айтымында, кыз оор жаракат алган эмес.