Акжол Махмудов жана Каныбек Жолчубеков Казакстанда өтүүчү эл аралык мелдешке катышат

Кыргыз балбандар Казакстанда өтө турган грек-рим күрөш боюнча эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынан маалымдашты.

Аталган мелдеш Казакстандын Алматы шаарында 17-18-ноярбрь аралыгында өтөт. Анда Кыргыз өлкөсүнөн 5 балбан катышат. Алардын арасында Индонезияда өткөн Азия оюндарында медалдарга ээ болгон Акжол Махмудов, Каныбек Жолчубеков жана Амантур Исмаилов бар.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Каныбек Жолчубеков;

67 килограммга чейинки салмак ченинде: Амантур Исмаилов;

77 килограммга чейинки салмак ченинде: Акжол Махмудов жана Кайрат Түгөлбаев;

87 килограммга чейинки салмак ченинде: Мелис Айтбеков;

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
taalay25
2018-11-13 17:03:10
Акжолчу?
0
Angry_commentator
2018-11-13 17:59:35
taalay25, катышпайт окшойт
0
dostuk_3422
2018-11-13 18:25:50
Байгелуу орундарды каалайбыз...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан