Бүгүн, 13-ноябрда Румыниянын Бухарест шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугунун 2-мелдеш күнү орун алды. Анда Кыргыз балбандары 4 салмак ченинде катышышты.
67 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Нурмолдо Анарбеков катышып, ал алгачкы беттешинде кытайлык Цинь Хуанг менен кез келди. Кытайлык балбан 10 упай топтоп, 2 упайга ээ болгон Анарбековду утуп алды.
82 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн кыргыз балбаны Абдулазиз Ашымбеков 1/16 финалдын алкагында орусиялык Вааг Маргарян менен күч сынашты. Беттештин жүрүшүндө эки балбан тең 1 упайдан алган, бирок Маргарян упайды акыркы алганы үчүн жеңиш ага ыйгарылды.
97 килограммга чейинки салмак ченинде Үзүр Жусупбеков күрөштү. Анын алгачкы атаандашы италиялык Николас Кахелашвили болду. Кахелашвили беттештин жыйынтыгында эсепти 4:0 кылып, жеңишке жетти.
Муну менен кыргыз балбандары азырынча медалдар үчүн күрөштү токтотту. Бирок кыргыз балбандарды утуп алгандар финалдык бөлүккө чейин жете алса, анда Нурмолдо Анарбеков, Абдулазиз Ашымбеков жана Үзүр Жусупбеков көңүл жубатуучу раундда күч сынашканга мүмкүнчүлүк алат.