Вице-премьер соңку 5 жылда өлкөдө 150дөн ашык мектеп 3 нөөмөт менен окутуу жүргүзүп жатканын айтты

Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова соңку 5 жылда өлкөдө 158 мектеп 3 нөөмөт менен окутуу жүргүзүп жатканын айтты.

"158 мектепке кошумча курулуш талап кылынат. Өлкө боюнча 191 мектеп, 2 бала бакча кооптуу абалда. 380 мектеп капиталдык ремонтту талап кылат. Мындай көйгөйлөрдү республикалык бюджеттин эсебинен жана Сауд Арабия фондунан чечүү пландаштырылып жатат.

Учурда жалпы өлкө аймагында 1 миллион 75 миң бала бала бакчаларда тарбияланууда. Бала бакчаларда жалпысынан 40 596 бала көп болуп жатат. Бала бакчалардын жетишсиздигин “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамдын негизинде чечүү пландаштырылып, бюджеттен жана бюджеттен тыш каражаттарды багыттоо каралууда", - деди Өмүрбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nariste...12
2018-11-14 20:10:30
А бизде 4 смен менен окуйбуз.Акыркы саат кечки 19: 05 те бутот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан