Жети-Өгүздө милиция тарабынан сабалып каза болду делген тургундун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда милиция кызматкерлери тарабынан сабалып каза болду делген 25 жаштагы Ынтымак Рыспек уулунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге облустук милициянын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов кабарлады.

"Учурда Жети-Өгүз райондук прокуратурасы бул факты боюнча 234-берене "бейбаштык" жана 104-берене "ден соолукка атайылап оор залал келтирүү" менен иш козгоду. Учурда тергөө иштери башталды", - деди Усубакунов.

Эске салсак, 7-ноябрь күнү маркум Ынтымак Рыспек уулу менен анын Данияр аттуу күйөө баласы милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынганы айтылган. Кийин экөө ооруканага жеткирилип, 11-ноябрь күнү Ынтымак Рыспек уулу ооруканадан каза болуп калган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
shergazy9
2018-11-14 13:13:17
Адам олтуруу болуп жатат
0
adiaza
2018-11-15 08:18:28
Катуу чара коруш керек анан башкалары да кичине коркуп калышат, азыркы заманда милициялар иштебейт эптеп бирону кармап келип кыйноо жолу менен мойнуна алдырышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан