ЭЛДИК КАБАР: "Аравандын Төлөйкөн айылында аба ырайы бузулуп, кичине шамал болсо эле жарык өчүрүлө берет" дейт окурман

Араван районуна караштуу Мангыт айыл өкмөтүнүн Төлөйкөн айылында жайы-кышы менен электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурап келет. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРга" билдирди.

"Жайы-кышы кичине эле жамгыр жаап, шамал болсо дароо электр жарыгы өчүрүлөт. Айылымдан кетип, башка жакта жүрүп келсем, дагы деле ушул электр жарыгынын көйгөйү жоюлбаган боюнча калыптыр. Мисалы, Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында электр зымдары үзүлүп, кооптуу абал жаралган. Бирок дароо оңдоп, жарыкты калыбына келтиришти. Төлөйкөн айылында кооптуу абал болбосо деле электр жарыгы өчүрүлө берет", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kamaldin
2018-11-14 12:38:27
Мындай койгой Тоомоюн ороонунундо Керкидан айылында да бар
0
Nestana95
2018-11-14 12:52:48
Нарын районунун Доболу айылы,менин айылым.Айылда шамаал болбосо деле,Нарын шаарында шамаал деп очуро беришет бизде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан