Аялдамада тамеки тартып, түкүрүнгөн милиция кызматкерине административдик жаза берилет

Буга чейин социалдык тармактарда аялдамада туруп алып тамеки тартып жана түкүрүнүп жаткан милиция кызматкеринин видеосу жарыяланып, кызуу талкууга алынган. Аталган видео Байтик баатыр жана Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аялдамада тартылганын видеонун автору билдирген.

Видеодогу милиция кызматкеринин аты-жөнү такталганын жана бул боюнча кызматтык териштирүү иштери жүрүп жатканын Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.

"Аялдамада туруп тамеки тартып, түкүрүнгөн кызматкердин ким экендиги аныкталды. Ага административдик жаза берилип, катуу чара көрүлөт. Бул окуяны этика боюнча атайын комиссия карайт", - деп билдиришти шаардык милициядан.

Айта кетсек, 2019-жылдын 1-январында күчүнө кире турган мыйзамдын 71-беренесине ылайык, белгиленбеген жайга таштандыларды таштап, өрттөө жана түкүрүүгө үч категорияда айып салынат. Анда жеке жактарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул салынат.

Коомдук жайда тамеки чегип, түкүрүнгөн милиция кызматкери
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nestana95
2018-11-14 12:53:49
Ал акчалар кимлин чонтогу учун
0
baihan07kenjetaev
2018-11-14 13:41:42
Адамдар бири бириңдин ХХХХХХХ эле чукуп калдыңарго, акыркы күндөрү болбогон нерсени видеого тартып чыгаргандар толуп кетишти аркимдин ХХХХХХ аңдып эле ХХХХХХХХ Милиция деле адамда чегет түкүрөт, турат отурат дегендей.
-1
ruslanz
2018-11-14 13:53:46
baihan07kenjetaev,Бул жерде ХХХХХХХХ жонундо соз болгон жок го.Катардагы киши болсо бир жон,бул милиц.кызмат-ри улгу болуш керек.Коомдогу терс корунушторду тартып жуктогондор азаматсынар.
+1
don_quixote
2018-11-14 13:55:47
baihan07kenjetaev,Сиз учун коомдук жайда балчайта тукургон кадыресе корунуш экен да.
+1
admin_superstan
2018-11-14 15:32:13
baihan07kenjetaev, коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
Bulak25
2018-11-14 14:31:57
озубузду акуратно алып журсок, эч кимдин чонтогуно тушпойт
+1
Matahara1980
2018-11-14 15:33:45
Сингапурда жерге тукургон адамды таяк менен сабайт деп уктум эле, ошол чынбы? А бизде эркектердин шалпылдатып тукургону адатго, эми бул милициянын видеосу урок болуп кичине озунарды тыйып журорсунор какырынып тукурунбой
+2
gulia90
2018-11-14 16:23:13
Тукуруно берген адамдар менен бассам көңүлүм айланат, бул деген мадиниятсыздык. Жакшы көрүнүш эмес да, чыны.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан