Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери 2 күн мурун дайынсыз жоголгон 7 жашар баланы бүгүн, 11-июлда табышты. Бала Төмөнкү Ала-Арча айылынан табылып, учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Алгач милицияга Кемин районунун 32 жаштагы тургуну кайрылып, 9-июль күнү эртең менен баласы балмуздак алам деп дүкөнгө чыгып кеткен боюнча дайынсыз экенин билдирген. Баланы издөөдө милиция кызматкерлери менен баланын туугандары жакын жердеги бардык көчөлөрдү, сейил бактарды карап, жергиликтүү тургундардан сураштырышкан.