Кыргыз балбаны Балбай Дордоков Румыниянын Бухарест шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугунда коло медалды утуп алды.
Балбай Дордоков 55 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, коло медаль үчүн беттеште армениялык Норяр Хакоян менен кездешти. 1-бөлүктө армениялык балбан 2:3 эсеби менен алдыда келе жаткан, бирок 2-бөлүктө Балбай Дордоков эсеп санын 7:3 кылып жеңүүчү болду.
Бул жеңиш менен Балбай Дордоков 23 жашка чейинки балбандар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медалды тагынды.