Мышыкты байлап, андан кийин атып өлтүргөн адам кандай жаза алары чечиле элек. Бул тууралуу 14-ноябрда облустук милициядан билдиришти.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында, интернетке тараган видео 5-октябрь күнү саат 12:00дөр чамасында тартылганы аныкталган. Видеодогу адамдын аты-жөнү такталып, 13-ноябрь күнү кечинде кармалып, ички иштер бөлүмүнө алып келинген. Ал 35 жаштагы Жалал-Абад шаарынын Ильяз К. аттуу тургуну экени белгилүү болду.
"Сурак учурунда ал өлтүргөн мышык өзүнүкү экенин билдирген. Учурда аталган жаранга айып пул салынабы же коомдук ишке тартылабы чечиле элек. Аны сот аныктайт", - деп билдиришти милициядан.
Эске салсак, бир нече күн мурун интернетте белгисиз адам мышыкты темирге байлап, андан кийин аны атып өлтүргөн видео тараган. Интернет колдонуучулар жаныбарга ырайымсыз мамиле жасаган адамды таап, аны жазалоону өтүнгөн.
Жаза процессуалдык кодексине ылайык, өлкө аймагында жаныбарларга карата мыкаачылык менен мамиле жасагандарга 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин айып пул салынат же 120 сааттан 150 саатка чейин коомдук иштерге тартылат.