Өткөн жылы Ош облусунда жашы жете элек учурунда кош бойлуу болгон 34 кыз-келин каттоого алынган

2017-жылы Ош облусунун аймагында жашы жете элек учурунда кош бойлуу болгон 34 кыз-келин каттоого алынган. Бул тууралуу SUPER.KG'ге облустук милициядан кабарлашты. Маалым болгондой, алар аймактагы жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрүнө каттоого турбаганы менен, кош бойлуу болуп калганда дарыгерге кайрылууга аргасыз болушууда.

"Жашы жете элек кыздарын турмушка бергендер көп учурда билинбей калат. Качан гана кош бойлуу болуп, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылганда турмушка чыкканы билинип калууда. Былтыркы жылдын аягында жашы жете элек кезинде кош бойлуу болуп 34 кыз-келин каттоого турган. Булар расмий түрдө каттоого тура алышпайт, никесин кыйдырып жашап алгандар. Мыйзам боюнча аларды турмушка берген ата-энелер менен никесин кыйган имамдар жоопко тартылат", - деп билдиришти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан