Кыргыз спортчу Екатерина Старикова Өзбекстанда өткөн гиря спортчу боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медалды тагынып, дүйнөлүк рекордду жаңылады. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Дүйнө чемпиондугуна 16 өлкөдөн 325 спортчу барган. Кыргыз өлкөсүнөн 5 спортчу катышып, өз салмак чендеринде чемпион аталышты.
Екатерина Старикова 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 10 мүнөттүн ичинде 16 килограммдык гиряны 266 жолу көтөргөнгө үлгүргөн. Бул жыйынтык менен ал алтын медаль тагынып, дүйнөлүк рекордду жаңылады.
Ошондой эле Дүйнө чемпиондугунун алтын медалдарына Кыргыз өлкөсүнөн барган Александр Петров, Тариэль Бакиров, Алмаз Балтабаев жана Александр Сапожников ээ болушту.