Рустам Тейишов күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медаль үчүн мүмкүнчүлүгүнөн айрылды

14-ноябрда Румыниянын Бухарест шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугунда көңүл жубатуучу раунддагы беттештер орун алды.

Анда 60 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнүн спортчусу Рустам Тейишов күч сынашты. Тейишов буга чейин жарым чейрек финалдын алкагында азербайжандык Мурад Маммадовго жеңилип калган. Маммадов финалга чыгып, Рустам Тейишов көңүл жубатуучу раундда күч сынашканга мүмкүнчүлүк алган. Анда ал өзбекстандык Исломжон Бахрамов менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Рустам Тейишов 3:0 эсеби менен утуп келе жаткан, бирок өзбек балбаны эсеп санын 3:11ге чейин жеткирип жеңишти илип кетти.

Муну менен Рустам Тейишов коло медаль үчүн күрөштү токтотууга аргасыз болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан