СУПЕРСТАН: "Көрбөй туруп сүйүп калууга болобу?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Көрбөй туруп сүйүп калууга болобу?" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Мен бир кызды телефон менен эле сүйлөшүп жүрүп, сүйүп калдым. Ал кызга айтсам көрбөй элеби деп ишенбей жатат. Бирок мен анын көрүнүшүн эмес, сүйлөгөн сөзүн, мамилесин, жашоого болгон көз карашын, ички дүйнөсүн сүйүп жүрөм. Көрбөй эле минтип телефондо сүйлөшүп жүрүп сүйүп калганым сүйүүбү же көнүп калганымбы? Аны бир жолу көргөм, бирок ал дагы мени көргөн. Жообуңуздарды күтөм", - деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Ушундай көрүнүштүн болоруна же болбосуна мен дагы ишене албай жүрөм".

- "Сүйүү келсе анда жакшы, сүйүүнү издеп мына мен какшап жалгыздыкта жүрөм. Тема боюнча, балким, бул сүйүүңүздүн башталышыдыр же болбосо сыноодур, балким, аны көргөндө андан да катуу сүйүп калаттырсыз же кайра жакпай калат. Эмнеси болсо да тунук сүйүү насип кылсын".

- "Ээ, мага да сүйүү келбей жатат эмне кылса болот?"

- "Мени да ушул нерсе ойлонтуп жатат. Мен үчүн дагы 3 жылдан бери көрбөй сүйлөшүп жүргөн адамдын орду чоң. Аны менен жолугуп аны жоготуп алгым келбейт... Анын адамдык сапатын баалайм".

- "Сиз көрүп койгон турбайсызбы. Такыр эле көрбөй туруп сүйүп калуу мүмкүн эмес го".

- "Жолукканда бири-бириңерге жакпай калсаңар да, дос болуп калууга чоң мүмкүнчүлүк бар, андыктан арканды узун таштап сүйлөшө бер. Сүйүп калуу эмес, жактыруу же көнүп калуу десек туура болчудай. Эмне болуп бүткөнүн жазып коёрсуң биз да билип алалы".

- "Көрбөй туруп сүйүп калуу мүмкүн эмес, бирок жактырып калуу мүмкүн".

- "Бул сезимге кабылган инсандардын 70-80 пайызы өзүн сүйүп калдым деп алдашып, ишендириши мүмкүн, бирок 1-жолугушуу көп нерселерди четке кагып, бүт мамилеге кол коюшу мүмкүн. Андыктан чын жүрөктөн ийгилик каалайм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

,

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан