Суукка байланыштуу Бишкек шаарындагы троллейбустар 22:00гө чейин каттай турган болду

Суукка байланыштуу Бишкек шаарындагы троллейбустардын каттоо мөөнөтү 22:00гө чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Эми шаар ичинде каттаган бардык багыттагы троллейбустар саат 22:00гө чейин каттайт. Буга чейин троллейбустар жана автобустар 20:30-21:00гө чейин каттап келген.

Транспорт башкармалыгынын билдиргенине таянсак, азыркы тапта шаар ичинде 90 автобус, 121 троллейбус жана 1 миң 806 маршруттук такси иштеп жатат.

Коомдук транспортко байланыштуу суроолор жана маселелер жаралса, төмөндөгү телефондорго байланышсаңыздар болот:

- 0 (555) 33 00 31 – троллейбустардын каттамы боюнча;

- 0 (312) 53 36 48 - машруттук таксилердин каттамы боюнча;

- 0 (312) 53 48 24, 53 18 17 - автобустардын иши боюнча.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dalil
2018-11-14 19:18:00
Жакшы кылышыптыр антпесе жолдо толтура эл маршруттук таксиге батпай суукта калып жатышат.
+3
Busi06
2018-11-14 19:30:39
Катташ керек Ошто деле Катташ керек, Москвада тунку 11ге чейин 12ге чейин каттайт биздин шаферлордуку Орустардыкы нан башкачабы эмне? Жазда болобу кышта болобу 11ге чейин Катташ керек
+4
Komrad
2018-11-15 07:54:34
Шоферлорду 2 смена кылып чыгарса катташмак да. 20:30 - 21:00 дегени демек бир машинист эле иштеп келген. Азыр деле ошону грузить этишти окшойт 10 чейин иштеп бер деп. Москвада тунку 1 де автобуска тушсо болот.
0
Rifle_I
2018-11-15 08:00:53
Бекер ала кетем десем да отурбай жатат элдер. Бүгүн эртең менен 2 жүргүнчү ала келдим.

Айдоочулар, салон бош эле кетип калбай жолдон жүргүнчү сала кеткиле, сооп иш болот .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан