Белгилүү болгондой, шаар тургуну Медер аттуу жаранды 9-ноябрда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө алып келген. Анын ден соолугун текшерүү үчүн "Тез жардам" кызматы, бала жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери чакырылган. Текшерүүдөн кийин анын психикалык жактан жабыркай турганы аныкталган.
"Бишкектин социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан Медер аттуу жарандын жакындары табылганга чейин анын карылар үйүндө жашап туруусу боюнча чечим кабыл алынган. Бул жаран тууралуу маалыматыңыздар бар болсо Ленин РИИБине же 0705 848520 телефон номерине кабарлап коюшуңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.