Сузак районунда 16 жаштагы эки кыз көз жарды. Учурда бул фактылар боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бүгүн, 14-ноябрда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдиргендей, кыздардын бири Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургуну, ал эми экинчиси Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну.
Маалыматка ылайык, эки кош бойлуу келин 25-октябрь күнү Сузак районунун аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө келип жаткырылган. 25-октябрдан 26-октябрга караган түнү алар көз жарган.
"31-октябрь күнү эки келин төрөт үйүнөн чыгып жатканда дарыгерлер алардын паспортторун сурашкан. Алардын жакындары кыздардын туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүктөрүн алып келишкен. Дарыгерлер эки жаш эне төрөт үйүнөн чыгып жатканда гана алар 16 жашта экенин билишкен. Ага чейин алар турмушка чыкканын айтып, төрөт үйүнө жатышкан экен. Бул тууралуу маалыматты милицияга билдирип, иликтөө иштери башталган. Учурда чогултулган материалдар шаардык прокуратурага өткөрүп берилген. Азыркы тапта иликтөө иштери улантылууда", - деп билдирди Ашырбаев.