Бишкекте өз өмүрүн кыюу үчүн Чоң Чүй каналына боюн таштаган кызды милиция кызматкерлери сактап калды

Бишкекте өмүрүн кыюу үчүн Чоң Чүй каналына боюн таштаган кызды милиция кызматкерлери сактап калды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 14-ноябрда саат 13:35 чамасында Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан Чоң Чүй каналынын көпүрөсүндө болгон. Милицияга белгисиз кыз көпүрөдөн секирүүгө даярданып жатат деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке №5-шаардык милиция бөлүмүнүн ага-лейтенанты Шайырбек Усупбаев жана кенже лейтенанты Азамат Урманбетов экөө барып кыздын өмүрүн сактап калышкан.

"Милиция кызматкерлери аталган дарекке жеткенде кыз сууга боюн таштап жиберген. Анын артынан милиция кызматкерлери да секирип, жээкке алып чыгышкан. Кызга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nelya88
2018-11-14 22:19:52
Азаматтар! Кычыраган суукта муздак сууга секирүүнүн өзү эле кандай эрдик?!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан